2025-04-22 11:37:47 32
15-апрель 2025-жылы Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүндө Математика жана Информатика дисциплиналары боюнча олимпиада өткөрүлдү Математика дисциплинасы боюнча олимпиадага катышып өзүнүн жогорку интеллектуалдык жана практикалык жөндөмдөрүн көрсөткөндүгү үчүн : 1- даражадагы Ахмаджанова Мохигул ВНО-1-24 2- даражадагы Нурсейит уулу Бекзат МКН-1-23 3- даражадагы Темирбекова Акинай МКН -1-23 тайпаларынын студенттери диплом менен сыйланды Информатика дисциплинасы боюнча олимпиадага катышып өзүнүн жогорку интеллектуалдык жана практикалык жөндөмдөрүн көрсөткөндүгү үчүн : 1- даражадагы Макамбаев Самат ПИКТ-1-24 2- даражадагы Орулбай уулу Азирет ПИКТ 1-24 3- даражадагы Дүйшенова Нурайым МИМО-1-24 тайпаларынын студенттери диплом менен сыйланды 16-апрель 2025-жылы Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү тарабынан студенттердин арасында "Акыл-таймаш" конкурсу өткөрүлдү Конкурстун жеңүүчүлөрү! 1- даражадагы диплом менен Адилов Эрлан 2- даражадагы диплом менен Ахунова Асема сыйланышты. Ал эми активдүү катышкандыгы үчүн Нуралиев Элмырза жана Юлдашев Абдуллох сертификат менен сыйланышты 17-апрель 2025-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү тарабынан уюштурулган "заманбап илимий жана инновациялык ишмердүүлүктө студенттердин орду жана ролу" илимий практикалык конференция өткөрүлдү 18-апрель 2025-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн математика жана кмпьютердик илимдер билим берүү программасынын студенттерине Ош технологиялык университетинин инновация жана маалымат технологиялары институтунун “ Байланыш тармактары жана телекоммуникация системалары” кафедрасында иштеген доцент., профессор Сопубеков Нематилла Абдилахатовичтарабынан "Программалык инженериядагы жасалма интеллект" аталышындагы лекция окулду.Лекциянын мазмуну терең, заманбап маалыматтарга негизделген жана практикага багытталган студенттердин кызыгуусун арттырып, билимге болгон мотивациясын күчөттү. Бул жолугушуу студенттер үчүн өз кесибине болгон көз карашты кеңейтүүгө жана жасалма интеллект сыяктуу актуалдуу тармактарга болгон кызыгууну арттырууга жардам берди.