Кыргызстандык окумуштуулар Андижандагы эл аралык илимий конференцияга катышты

2025-06-04 10:55:31 20

2025-жылдын 23-майында Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн профессордук-окутуучулар курамы профессор Нурдинова К. Х., доцент Токоева Г. А. жана доцент Джанибекова В. Б. Өзбекстан Республикасынын Андижан айыл чарба жана агротехникалык институтунда өткөн эл аралык илимий конференцияга катышышты. Иш-чара «Климаттын ааламдык өзгөрүү шартында экологиялык туруктуулукту камсыздоо: көйгөйлөр жана чечимдер» деген маанилүү теманын алкагында өтүп, климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруктуу өнүгүүнү камсыздоого багытталган изилдөөлөр жана тажрыйбалар менен бөлүшүү үчүн аянтча болду. Кыргызстандан барган илимпоздор бул багытта өз баяндамаларын сунуштап, региондогу актуалдуу экологиялык көйгөйлөр боюнча өз ойлорун ортого салышты. Конференциянын экинчи бөлүгүндө катышуучулар «Климаттын өзгөрүүсүнүн философиялык аспектилери жана Борбордук Азиядагы экологиялык көйгөйлөр» темаларында студенттер үчүн ачык лекцияларды окушту. Лекциялар жаштар арасында экологиялык аң-сезимди калыптандырууга жана туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык ойлор менен жергиликтүү тажрыйбаларды айкалыштырып, терең талкуу жүргүзүүгө өбөлгө болду. Бул иш сапар регионалдык илимий кызматташтыкты бекемдөө менен бирге, келечек муунду экологиялык маселелерге жигердүү тартуудагы маанилүү кадам болду.