«Биринчи» китеби жана даректүү тасмасынын тааныштырылышына эл аралык билим берүү программаларынын өкүлдөрү катышышты

2025-09-22 17:30:31 40

2025-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана анын тунгуч жетекчиси, Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Иманалы Айдарбековго арналган «Биринчи» аттуу китептин жана даректүү тасманын презентациясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Чынгыз Айдарбековдун чакыруусу менен Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин РЕИ бөлүмүнүн башчысы, доцент Акматова Дамира, Башталгыч билим берүү программасынын жетекчиси Марзабаева Бакты, улук окутуучу Сапарбаева Айнура, эл аралык мамилелер жана санарип дипломатия адистигинин студенттери Сатыбалдиев Азизбек Назарбек кызы Эленура аталган иш чарага катышып келишти.