2025-10-03 09:00:36 57
2025-жылдын 1-октябры күнү Батыш-Чех университетинен академиялык мобилдүүлүк алкагында келген студенттер үчүн Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн доценти Джанибекова Венера Байышовна «Кыргыздардын үй-бүлөлүк мамилелеринин трансформациясы» аттуу темада мазмундуу жана таасирдүү лекция өткөрдү. Лекция учурунда студенттер кыргыз коомундагы үй-бүлөлүк баалуулуктардын өзгөрүүсү, салттуу жана заманбап мамилелердин айкалышы тууралуу кызыктуу маалыматтар менен таанышышты. Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, талкуу жана суроо-жооптор менен коштолду. Бул жолугушуу студенттердин маданияттар аралык түшүнүгүн кеңейтүүгө, билим деңгээлин жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга чоң өбөлгө түздү.