"Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил"

2025-10-09 08:41:21 48

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде 24.09.2025- жылы мамлекеттик тилдин 36 жылдыгына карата Республикадагы ЖОЖдор арасында "Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил" аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияда Ош шаарындагы бардык жогорку окуу жайдан илимпоздор, ЭАББПЖМнын студенттери, жана Бишкек шаарынан И.Арабаев атындагы КМУнун профессору Абдуллаева Райкан Абдуллаевна катышты. Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин өсүп -өнүгүшү жана көйгөйлөрү жөнүндө сөз болуп, жыйынтыгында мыкты баяндамачылар Диплом менен сыйланды.