«Эл аралык мамилелерде “Чай маданияты”: ДКС-3-25 үчүн мазмундуу ачык сабак»

2025-10-28 09:26:13 17

20-октябрда Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн кытай тилинин окутуучусу Шамырза кызы Жанылай ДКС-3-25 тайпасына «Чай маданияты» темасында ачык сабак өттү. Сабакта кытай чай маданияты тууралуу кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар берилип, студенттер жигердүү катышышты. Окутуучу теманы жеткиликтүү жана таасирдүү формада түшүндүрүп, студенттердин кызыгуусун ойгото алды. Ачык сабак мазмундуу жана таасирдүү өтүп, билим берүү процессине салым кошту.