2025-12-16 08:45:55 94
Адабияттын тарбиялык мааниси — көркөм адабият элди алдыңкы эстетикалык идеалдарга, нравалык идеялык-саясий жактан тарбиялоочу күчкө ээ. Биз көркөм чыгармаларды окуп, кандай жашоо керектигин үйрөнөбүз. Терс образдарга иренжип, оң образдардан үлгү алабыз, ошолордой болгубуз келет. Көркөм чыгармаларды окуп жан дүйнөбүздү аруулукка сугарып, турмушка сергек карап, сөздүк корубузга маңыздуу тилдик каражаттардын топтомун түзөбүз. Жыл сайын 12- декабрь - Улуттук адабият күнү! деп белиленип, бүткүл өлкө - улуу, ойчул, гуманист жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүн белгилейт. Ушул күндүн урматына ЭАББПЖМде ВНО 3-24, АПЛ 1-25, ПИКТ 1- 25 тайпалары, А.Алибаев агайдын жана С.Тургунбаева эжекенин уюштуруусу алдында "Ч.Айтматовдун дүйнөсү" аттуу адабий - музыкалык кече уюштурулду.