2025-12-28 08:45:23 117
Ормотаева Мунара жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык конкурска катышып, “Кыргызстандын эң мыкты студенти” наамын жеңип алды. Ал Бишкек шаарында өткөн салтанаттуу иш-чарада төш белги жана ардак грамота менен сыйланды. Быйыл бул конкурска өлкө боюнча 1300дөн ашуун студент катышып, алардын арасынан 100 гана мыкты студент сыйлыкка татыды. Ормотаева Мунаранын бул ийгилиги — анын билимге болгон умтулуусунун, жигердүүлүгүнүн жана эмгекчилдигинин жыйынтыгы болуп саналат. Муну менен студенттердин коомдогу орду жана жетишкендиктери дагы бир ирет таанылып, Мунара жаштарга үлгү боло турган жетишкендикке жетти. Куттуктайбыз!