«Квалификациялык иш жазуу боюнча сунуштар» аттуу семинар өткөрүлдү

2026-03-15 21:34:19 22

2026-жылдын 2-март күнү ЭББПЖМнин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн доценти В.Б. Джанибекова тарабынан 530800 — «Эл аралык мамилелер» билим берүү программасынын 4-курс студенттери үчүн «Квалификациялык иш жазуу боюнча сунуштар» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинардын негизги максаты бүтүрүүчү студенттерге квалификациялык ишти жазуунун талаптары, түзүмү жана илимий иш жүргүзүүнүн негизги эрежелери боюнча маалымат берүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге теманы туура тандоо, илимий булактар менен иштөө, цитата келтирүү эрежелери, ошондой эле ишти талапка ылайык тариздөө боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Семинар учурунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, квалификациялык ишти даярдоо процессине байланыштуу керектүү сунуштарды алышты.