2026-04-06 06:51:31 8
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн түзүлгөн Д 10.24.699 диссертациялык кеңештин 2026-жылдын 3-апрелиндеги жыйынында 10.02.19 – «Тилдин теориясы» адистиги боюнча Ош мамлекеттик университетинин, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин, Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн доценти, Сейитбекова Сурмакан Сейитбековнанын «Кыргызстандын лингвоэтномаданий мейкиндигиндеги пикир алмашуунун өзгөчөлүктөрү» аттуу докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргошу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сизге мындан аркы илимий ишмердүүлүгүңүздө зор ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!