«Математика жана информатика — заманбап дүйнөнүн ачкычы» аттуу акыл таймаш өткөрүлдү

2026-04-24 06:45:36 46

Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн окутуучулары Арапова Токтобүбү жана Шадыева Турсунай Илим жумалыгына карата Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин 1-курс студенттеринин арасында «Математика жана информатика — заманбап дүйнөнүн ачкычы» аттуу акыл таймаш өткөрүштү. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар өз билимдерин жана тапкычтыгын көрсөтө алышты. Жыйынтыгында: 1-орун — РВ 1-25 тайпасынын студенти Токтобаева Акмаанай; 2-орун — ПИКТ 1-25 тайпасынын студенти Зулунова Назира; 3-орун — ПИКТ 2-25 тайпасынын студенти Амиракулов Баястан.