ТТМИ бөлүмүндө студенттердин илимий конференциясы ийгиликтүү өткөрүлдү

2026-04-24 09:00:43 23

22-апрель күнү ТТМИ бөлүмүндө студенттердин катышуусунда илимий конференция ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — жаш изилдөөчүлөрдүн илимий потенциалын өнүктүрүү, алардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана практикалык көндүмдөрүн чыңдоо болду. Конференциянын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн илимий макалаларын, аналитикалык изилдөөлөрүн жана инновациялык долбоорлорун сунушташты. Жалпысынан 14 доклад угулуп, ар бир иш мазмуну, жаңычылдыгы жана практикалык мааниси боюнча калыс мугалимдер тарабынан бааланды. Жыйынтыгында төмөнкүдөй жеңүүчүлөр аныкталды: 1-орун — Нурлан кызы Гүлжан, Эгенова Тансулуу «AgroGrid: сугат иштерин автоматташтыруу» темасындагы илимий изилдоо долбоору үчүн 2-орун — Тажибаев Арген «Студенттердин окуу жадыбалын Telegram бот аркылуу автоматташтыруу» долбоору үчүн 3-орун — Абдуллажанов Мухаммаджан «Аралыктан заказ берүү системасы» долбоору үчүн жана Узакбаева Асема «Социалдык тармактар эл аралык саясатта таасир этүүчү курал катары» аттуу мазмундуу доклады үчүн орундарга ээ болушту. Конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер үчүн өз ойлорун эркин билдирүүгө, илимий тажрыйба топтоого жана жаңы идеяларды ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.