«Кытай тили – эл аралык кызматташтыктын эшиги» аттуу тайпалар аралык конкурс өткөрүлдү

2026-04-27 04:04:30 31

Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн окутуучусу Шаамырза кызы Жанылай илим жумалыгынын алкагында 24-апрель күнү 1-курстун тайпалар аралык конкурсун өткөрдү. Конкурстун темасы: «Кытай тили – эл аралык кызматташтыктын эшиги». Иш-чаранын максаты – студенттердин кытай тилине болгон кызыгуусун арттыруу жана тил билүүнүн эл аралык кызматташтыктагы ордун көрсөтүү болду. Конкурска 1-курстун тайпалары активдүү катышып, өздөрүнүн билимдерин жана чыгармачылыгын жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Калыстар тобунун курамын кытай тилинен сабак берген окутуучулар түзүп, катышуучуларды калыс баалашты. Жыйынтыгында мыкты тайпалар аныкталып, жеңүүчүлөр сыйланышты. Конкурс жогорку деңгээлде, кызыктуу жана мазмундуу өтүп, студенттер үчүн пайдалуу жана эсте каларлык болду.