2026-05-21 07:55:31 29
2026-жылдын 21-май күнү Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы жогорку мектебинин Программалык инженерия багытында билим алып жаткан студенттер үчүн Түркия Республикасынын Balıkesir University университетинин доктору Севданур Генч тарабынан «Кванттык технологиялар жана машина үйрөнүү» аттуу конок лекция уюштурулду. Лекциянын жүрүшүндө кванттык технологиялардын бүгүнкү күндөгү өнүгүү багыттары, инженерия тармагындагы колдонулушу, программалоо менен болгон байланышы жана машина үйрөнүү технологияларынын келечеги тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле жасалма интеллект, маалыматтарды иштетүү жана заманбап технологиялардын илим менен өндүрүштөгү орду боюнча кызыктуу мисалдар келтирилип, студенттер үчүн пайдалуу практикалык түшүндүрмөлөр сунушталды. Конок лекцияга бөлүмдүн окутуучулары, жаш изилдөөчүлөрү жана студенттери активдүү катышып, спикерге өздөрүнүн кызыктырган суроолорун узатып, талкуу жандуу форматта өттү. Айрыкча кванттык технологиялардын келечектеги IT тармагындагы ролу студенттердин чоң кызыгуусун жаратты. Иш-чаранын соңунда катышуучулар мындай эл аралык илимий жана академиялык жолугушуулар студенттердин кесиптик көз карашын кеңейтүүгө, жаңы технологияларга болгон кызыгуусун арттырууга жана эл аралык тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти. Ошондой эле эки тарап мындан ары да илимий-академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен иш-чараларды уюштурууга кызыктар экендиктерин билдиришти.