2026-09-11 05:37:25 2
«Аймак таануу» программасынын алкагында студенттердин жаңы академиялык чөйрөгө ыңгайлашуусуна багытталган адаптациялык жумалык өткөрүлдү. Иш-чарада студенттер билим берүү программасы, окуу процесси, негизги дисциплиналар жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Жолугушуу студенттер менен окутуучулардын өз ара байланышын чыңдап, академиялык активдүүлүктү арттырууга жана келечектеги кесиптик багытты аныктоого өбөлгө түздү.