Ош мамлекеттик университетинин ЭББПЖМнин «Эл аралык мамилелер жана Европа интеграциясы» бөлүмүнүн доценти В. Б. Джанибекова Батыш-Чех университетинин бакалавриат жана магистратура студенттерине лекция окуду

2026-10-14 04:37:25 3

2026-жылдын 6-октябрында Ош мамлекеттик университетинин ЭББПЖМнин «Эл аралык мамилелер жана Европа интеграциясы» бөлүмүнүн доценти В. Б. Джанибекова Батыш-Чех университетинин бакалавриат жана магистратура студенттерине «Кыргыздардын үй-бүлөлүк баалуулуктарынын трансформациясы» деген темада лекция окуду. Лекциянын жүрүшүндө кыргыз элинин салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктары, алардын коомдук өзгөрүүлөрдүн шартында өнүгүшү жана азыркы учурдагы өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Иш-чара студенттерге кыргыз элинин маданияты жана үй-бүлөлүк салттары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.