ОшМУнун окутуучусу жана студенттери РУДНде өткөн эл аралык конференцияга катышты

2026-10-21 04:34:09 3

2026-жылдын 13–16-октябрь күндөрү Москва шаарындагы Патрис Лумумба атындагы Россия элдеринин достугу университетинде (РУДН) өткөн XXVIII «Ааламдык экономиканын актуалдуу көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин «Эл аралык мамилелер жана Европа интеграциясы» бөлүмүнүн башчысы, саясий илимдеринин кандидаты Назгүл Абийбуллаевна Раджапова жана бөлүмдүн студенттери катышты. 15-октябрда конференциянын алкагында ШКУ, КМШ жана БРИКС тармактык университеттеринин ишмердүүлүгүнө арналган эксперттик топтордун жыйыны өттү. Ошондой эле студенттер Евразиялык жаштардын илимий-практикалык мектебине катышып, илимий билимдерин тереңдетүүгө жана эл аралык академиялык байланыштарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чара тажрыйба алмашууга, студенттердин илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана ОшМУнун эл аралык кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түздү. Конференцияга катышкан студенттер: Керимбеков Бектур — МИМО-1-23; Нурматов Элиербек — МИМО-1-23. Абдыкалыкова Махабат-МИМО -2-23