2026-11-04 13:22:28 3
Ош мамлекеттик университетинде Чехиянын Батыш Чех университетинен келген тогуз студент академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде «Борбордук Азиядагы эл аралык мамилелер» багыты боюнча билим алышты жана сертификаттарга ээ болушту. 29-сентябрдан 3-ноябрга чейин өткөн программада студенттер эл аралык мамилелер бөлүмүндө Борбордук Азиянын тарыхы, маданияты, жана кыргыз элинин каада-салты менен таанышышты. Сертификат тапшыруу аземине ректор К. Кожобеков, тышкы байланыштар боюнча проректор К. Аттокуров, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Д. Акматова, эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Н.Раджапова катышты. Ректор К. Кожобеков эки университеттин кызматташтыгы 2017-жылдан бери уланып келе жатканын белгиледи. Ал эми 2027-жылдын апрель айында ОшМУнун тогуз студенти Чехиянын Батыш Чех университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алышат.