Түрк тили сабагында “Yönler” темасында практикалык сабак өттү

2026-11-13 05:43:11 5

2026-жылдын 12-ноябрында ПИКТ-2-26 тайпасынын студенттери үчүн түрк тили сабагынан практикалык сабак уюштурулду. Сабакты Түрк тилин окутуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын окутуучусу Мустафа Мухаммед Текин өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө студенттер “Yönler” (багыттар) темасы боюнча жаңы сөздөр менен таанышып, аларды практикада колдонууга машыгышты. Окутуучу темага байланыштуу көнүгүүлөрдү жана диалогдорду колдонуп, материалдын жакшы өздөштүрүлүшүнө жетишти. Сабактын аягында студенттерге өздөрүн кызыктырган суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, окутуучу бардык суроолорго кеңири жооп берди. Мындай сабактар студенттердин түрк тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырып, алардын тил билимин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.