«Башталгыч билим берүү. Англис тили» программасында Ыраазычылык күнү белгиленди

2026-11-26 11:57:26 1

2026-жылдын 26-ноябрында «Башталгыч билим берүү. Англис тили» билим берүү программасынын студенттери жана окутуучулары Ыраазычылык күнүнө (Thanksgiving Day) карата жылуу маанайдагы иш-чара уюштурушту. Майрамдык кечеде «Адамга адам керек» деген негизги идеянын алкагында шүгүрчүлүк, биримдик жана өз ара сый-урмат баалуулуктары даңазаланды.