Новости программы

Онлайн конференция

2024-жылдын 27 -февралында Ереван шаарында жайгашкан Россия -Армения Университети тарабынан уюштурулган онлайн конференция болуп өттү.Бул конференцияга Европа Америка Интеграция бөлүмүнүн башчысы,филология илимдеринин кандидаты,доцент Ш.В.Мараш Оглы конок катары чакырылып , бул бөлүмдүн мугалимдери жана Ев-20 тайпасынын студенттери менен биргеликте, Россия -Армения Университетинин магистрантры менен чогуу кызыктуу талкуулоолорго катыштык.Конференцияда Германиядан байланышка чыккан профессор Маттиаса Вайнрайха Introduction to Iranic studies темада лекция окуп,байыркы фарс тилинин бөлүнүшү, тарыхы,изилдөөлөрдөгү табылган жазуулар,алардын чечмелениши,азыркы күндөгү орду жөнүндө кызыктуу маек куруп берди. Биз да Хакан тили 10– 13-кылымдын башында Кыргызстанда (Теңир-Тоодо)басып өткөн издери бар экенин жана башка маанилүү,пайдалуу фактылар менен тааныштык ,о.э кийинки лекцияны да чыдамсыздык менен күтөбүз


Студенттик мобилдүүлүк

Академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында 2023-2024 окуу жылынын жазгы семестринде Эл аралык билим берүү программаларынын Европа Америка Интеграция бөлүмүнүн АПЛ-2-22 тайпасынан Айтбай кызы Тансулуу жана Шергазы кызы Адина Ев-1-21 тайпасынан Бакытбек кызы Айназик Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университетине окуп келүү үчүн жөнөп кетишип, ал жакта окууларын баштагандыгын кубанычтуу кабарлашты. Бул кыздардын окуусуна ийгилик каалайбыз


Онлайн жолугушуу

2024 жылдын 7-февралында Эл аралык билим берүү программаларынын директору, профессор,физ.- мат.илимдеринин доктору Турсунов Д.А жана филология илимдеринин кандидаты ,доцент Мараш Оглы Ш.В менен Германиядагы Батыш Саксон Цвикау прикладдык илимдер университетиндеги профессор Янина Вернал Шмидт айым, проф.Сандра Браун айым жана Михаела Руш айым ортосунда,кызматташтык Меморандум алкагында ЭАББПЖМдеги кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу ,ошондой эле Англис тили кошумча котормо жана котормо таануу, Европа таануу, Туризм багытында окуган студенттер үчүн - студенттик мобилдүүлүктү ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо максатында онлайн форматында жолугушуу болуп өттү.


ЭАББПЖМда кезектеги усулдук семинар

2024-жылдын, 26-апрелинде ЭАББПЖМда ЕАИБнын окутуучусу А.БЕКТАШЕВА- “КОНЦЕПЦИЯ ПОСТРОЕНИЕ БРЕНДА” аталышында жана ТМИБнын окутуучусу - Г.ЭСЕНАЛИ КЫЗЫ - “СЫНЧЫЛ ОЙЛОМ АРКЫЛУУ ОКУТУУНУН АЙРЫМ УСУЛДАРЫ ” деген тамаларда кезектеги семинарды өтүштү. Усулчулар керектүү жана пайдалуу маалыматтары менен бөлүшүштү. Окутуучуларда кызыгуу менен суроо-жооптор болду.


ЭАББПЖМдагы кезектеги көрсөтмөлүү сабак

2024-жылдын 26-апрелинде ЭАББПЖМнын Европа жана Америка интеграция бөлүмүнүн доценти, п.и.к. Тургунбаева Жылдыз Жусупжановна "Сущность воспитание и его место в целостной структуре образовательного процесса" деген темада АПЛ(б)-1-21 тайпасына ачык сабак өттү. Сабакка окутуучулар катышты жана анализ берилди. Окутуучу коюлган максаттарга жана күтүлүүчү натыйжаларга жетише алды.


ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНДЕ “ИЛИМИЙ ЖУМАЛЫК” СТАРТ АЛДЫ.

2024-жылдын 15-апрелинде эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде доцент, филология илимдеринин кандидаты Мараш-Оглы Шукри Вазировичтин 70-жылдык юбилейине арналган “Илимий жумалык” башталды. Илимий жумалыктын ачылыш аземине ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, доцент Арапбаев Руслан Нурмаматович, кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси, доцент Турдубаева Гулсара, ЭАББПЖМнын профессордук-окутуучулук курамы, коноктор жана студенттер катышты. Шукри Вазирович “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” төш белгиси менен сыйланып, иш-чарага келген коноктор студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программага күбө болушту.


Илим жумалыкта, студенттердин арасында илимий изденүүнү үйрөнүүнү жана маалыматты арттыруу максатында 16-апрель күнү студенттер өздөрү жазган илимий докладдары боюнча баяндама жасашты.

Биринчи баяндамачыбыз Ев-1-20 тайпасынын студенти Камчыбекова Мырзайым “Основы цифрового правительства” аттуу докладдын презентациясын тартуулады.Бул тема азыркы убакта актуалдуу экени талашсыз ,студенттер да кээ бир тиркемелерди колдонгонун жана анын жетишкендиктерин ошол эле учурда кемчиликтерин талкуулашты. Экинчи болуп ЕВ-1-22 тайпасынын студенти Алишеров Байаман “Кыргызтан менен Германиянын ортосундагы байланыш” деген теманы алып чыкты. Бул доклад Германияда “Ausbuldung” программасы менен окуп жана иштеп жаткан студенттен түз эфир уюштуруп, маек жүргүзүлдү.Азыркы убакта көпчүлүк студенттер бул өлкөгөгө барууга кызыгып ,кошумча курстарда окуп жатышат , ошого кызыккан суроолорун бере алышты. Кийинкы студент Калилова Сезим АПЛ -2-23 тайпасынан “Green economy is the direction chosen by the world” атту презентациясы менен кызуу талкууланып ,студенттер өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришти. Акыркы баяндамачыбыз “Proper nutrition is the source of health” деген тема менен АПЛ-2-23 тайпасынан Каныбекова Сайкал чыкты.Сайкал башкалардан өзгөчөлөнүп туура эмес тамактарды колдонуу боюнча эксперимент көрсөтүп берди. Студенттердин бул илимий макалалары ,илимий жетекчиси менен биргеликте каралып “ОшМУнун жарчысы ” журналына жөнөтүлмөкчү болду. Жыйынтыгында студенттердин презентациялары боюнча пикирлер жана сунуштар мугалимдер, курдаштары жана башка катышуучулар тарабынан айтылды. Ушундай иш чаралар студенттердин илимге жана изилдөөгө болгон кызыгуусуна чоң таасир тийгизди жана алардын билим алуу маданиятын жана кызыгуусун арттырды


2024-жылдын 17-апрелде ЕАИ бөлүмүнүн 1-2-курстагы студенттердин арасында “Spelling Bee” конкурсу өткөрүлдү.

2024-жылдын 17-апрелде ЕАИ бөлүмүнүн 1-2-курстагы студенттердин арасында “Spelling Bee” конкурсу өткөрүлдү.Жалпысынан бул мелдешке 28 студент катышып,конкурстун жүрүшү боюнча башында АКШ элчилигинин Ош шаарындагы “American corner” борборунун координатору Жусупбек кызы Айчолпон презентация жасап тааныштырып өттү.Ал эми калыс катары студенттердин ишин баалоо үчүн “Калпак -центринин” директору Noah Bratcher келди.

Конкурс 3 турдан өттү, жыйынтыгы боюнча :

1-орун АПЛ-1-23 тайпасынан Кеңешбек кызы Гүлназ

2-орун АПЛ-1-23 тайпасынан Нурбек кызы Нурзада

3-орун Ев-1-23 тайпасынан Абдиллаева Марта , болушту.


Дебат

ЭАББПЖМ инин ЕАИ бөлүмүндө 2024-жылдын 17-апрелинде Европа таануу адистигинин ЕВ(Б)-1-22 тайпасынын студенти Алишеров Байаман тарабынан уюштурулган “Достук” дебаты ийгиликтуу өттү.Студенттер активдуу катышып беришти.Женген командалар уюштуруучулар тарабынан диплом, баалуу белектер менен сыйланышты.


Итоги научной недели

2024-жылдын 19-апрелинде “Илимий жумалыкты” жыйынтыктоо максатында жыйын болуп, бөлүмдүн башчысы Мараш-Оглы Шукри Вазирович эң активдүү студенттерге сыйлоо баракчалары тапшырды,ошондой эле «англис тили » боюнча өткөрүлгөн олимпиаданын да жеңүүчүлөрүн кошо куттуктады.


Илимий жумалыкты жыйынтыктап,19.04.24 күнү “Чет тилиндеги ырлар” жана “Жомоктордон узунду көрсөт”(англис тилинде) боюнча конкурс болуп өттү.

Илимий жумалыкты жыйынтыктап,19.04.24 күнү “Чет тилиндеги ырлар” жана “Жомоктордон узунду көрсөт”(англис тилинде) боюнча конкурс болуп өттү.Бул конкурска да Европа таануу жана АПЛ адистигинин студенттери активдүү катышышып, ар түрдүү таланттарга бай экенин көрсөтүштү.Алардын таланттарын баалоо үчүн ОшМУнун Э аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси жана ушул бөлүмдө иштеген адистер келип,калыс катары келип кетишти.

Жыйынтыгында “Эң мыкты ыр”, “Эң мыкты актриса”, “Эң мыкты сценарий” деген номинациялар берилди.

"BRIZA DE LENGUAS" В 11 марта 2025 года студенты первого курса специальности Европоведение и Лингвистика активно участвовали в мероприятии посвященное к международному дню родного языка и женского дня. Мероприятие организовано центром кыргызского-испанского языка и культуры отделения Европейской и Американской Интеграции при ОшГУ. Цель данной мероприятии объединить всех иностранных языков которые изучают студенты отделения через концертную программу. Студенты презентавали 5 причин изучения кыргызского, английского, испанского и немецкого языка, рассказывали скороговорки показывали традиции, танцы. Мероприятие завершили выставкой подделок своими руками и FASHION SHOW.

18 апреля 2025 года на отделении Европейской и Американской интеграции Высшей школы международных образовательных программ (ВШМОП) в рамках Научной недели – 2025 состоялась студенческая секция, направленная на развитие научной активности студентов, формирование исследовательских компетенций, а также обмен мнениями по актуальным вопросам в области европейских исследований, лингвистики и перевода. В работе секции приняли участие студенты с 1 по 4 курс направлений «Европоведение» и «Английский язык с дополнительным профилем перевод и переводоведение»,подготовленных на русском и английском языках. Участники продемонстрировали высокий уровень владения материалом, научный стиль изложения, навыки анализа и аргументации. Мероприятие прошло в интерактивной форме, сопровождалось обсуждениями и вопросами, что способствовало более глубокому погружению в научную проблематику. По итогам секции были отобраны лучшие выступления для публикации в сборнике студенческих научных трудов. Все участники получили сертификаты, а наиболее активные — благодарственные грамоты.

17 апреля 2025 года в рамках Научной недели состоялась онлайн-лекция на тему «День книги в Испании», организованная для студентов отделения Европейской и Американской интеграции ВШМОП. Мы установили связь с преподавателем испанского языка из Испании — Инмакуладой Веласко-Гомес, которая провела лекцию и обсудила со студентами направлений «Европоведение» и «Английский язык с дополнительным профилем перевод и переводоведение» особенности празднования Дня книги в Испании, его историю и культурную значимость. Студенты активно участвовали в обсуждении, задавали вопросы и расширили знания о культуре и традициях испаноязычного мира. Лекция прошла в тёплой и познавательной атмосфере.

18 апреля 2025 года на отделении Европейской и Американской интеграции ВШМОП состоялся конкурс Spelling Bee среди студентов 1 курса направлений «Европоведение» и «Английский язык с дополнительным профилем перевод и переводоведение». Конкурс прошёл в двух номинациях — английский и испанский языки. Участники демонстрировали знание орфографии, правильное произношение и быстроту реакции. Атмосфера была живой и соревновательной. Победители были награждены дипломами и памятными призами, все участники получили сертификаты.

2025 - окуу жылынын 14.04.25.-19.04.25 аралыгында отулгон “Илим жумалыгында “ 16 - апрель күнү немис тилинен “Deutsch mit spass” конкурсу болуп өттү 2чи курстар арасында . Студенттер жогорку денгээлде даярданып макал, жанылмач, белгилүү немис жазуучуларынын чыгармалары нан “көркөм окушту, ообонду ырлар бийлер менен коштолуп тилге жогорку кызыгуусун көрсөтө алышты. Жэтишкен ийгиликтерне студенттер “мактоо баракчалары менен сыйланышты.

ОшМУ студенттеринин китепканага экскурсиясы

ОшМУ студенттери Т.Сатылганов атындагы китепканага экскурсия жасашты

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери 20-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасына экскурсияга барышты. Экскурсия учурунда студенттер китепкананын бөлүмдөрүн кыдырып, маалымат алуу жолдору менен таанышты.

Ошондой эле “Адамдар жаратылышты кантип жок кылып жатышат?” аттуу документалдык тасманы көрүшүп, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык маданиятты калыптандыруу боюнча пикир алышты. Бул тасма президент Садыр Жапаровдун “Экологиялык коопсуздук жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында көрсөтүлдү.

Экскурсиянын демилгечиси – Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин улук окутуучусу Нурзада Эргешова. Анын айтымында, иш-чара студенттерди китепкананын ишмердүүлүгү, бай китеп фонду жана заманбап мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулду.

Студенты ОшГУ посетили областную библиотеку им. Т. Сатылганова

Студенты Высшей школы международных образовательных программ ОшГУ 20 декабря отправились на экскурсию в Ошскую областную библиотеку имени Токтогула Сатылганова. Во время экскурсии они ознакомились с отделами библиотеки и способами получения информации.

Также студенты посмотрели документальный фильм «Как люди уничтожают природу?» и обсудили вопросы защиты окружающей среды и формирования экологической культуры. Фильм был показан в рамках реализации указа президента Садыра Жапарова «О мерах по обеспечению экологической безопасности и устойчивости».

Инициатором экскурсии стала старший преподаватель Высшей школы международных образовательных программ Нурзада Эргешова. По её словам, мероприятие было организовано с целью ознакомления студентов с деятельностью библиотеки, её богатым книжным фондом и современными возможностями.

Students of OshSU visited the Regional Library named after T. Satylganov

On December 20, students of the Higher School of International Educational Programs at Osh State University went on an excursion to the Osh Regional Library named after Toktogul Satylganov. During the visit, they toured the library’s departments and learned about ways of accessing information.

They also watched the documentary film “How are people destroying nature?” and discussed issues of environmental protection and the development of ecological culture. The film was shown as part of the implementation of President Sadyr Japarov’s decree “On measures to ensure ecological safety and sustainability.”

The excursion was initiated by Nurzada Ergeshova, senior lecturer of the Higher School of International Educational Programs. According to her, the event was organized to familiarize students with the library’s activities, its rich book collection, and modern opportunities.

Library excursion Library excursion Library excursion Library excursion
ACCESS Osh студенттеринин китепканага экскурсиясы

Европа жана Америка Интеграция болумунун англис тили окутуучулары жана ACCESS Osh студенттери

АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги, Ош мамлекеттик университети жана Алишер Навои атындагы орто мектеп менен өнөктөштүктүн алкагында ACCESS Osh программасынын студенттери 2025-жылдын 23-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасына билим берүү жана маданий багыттагы экскурсияга катышышты. Экскурсиянын максаты – студенттердин англис тили боюнча көндүмдөрүн, маданий аң-сезимин жана жарандык жоопкерчилигин окуу, сынчыл ой жүгүртүү, документалдык талдоо жана интерактивдүү иш-чаралар аркылуу өнүктүрүү болду. Китепканага келгенде студенттерди кызматкерлер жылуу тосуп алып, мекеме боюнча кеңири тааныштырышты. Алар электрондук ресурстар борбору, коворкинг жайлары, «Манас» маданий бурчу, 3D кино залы, робототехника бөлүмү жана башка негизги бөлүмдөр менен таанышып, заманбап билим берүү чөйрөсү жана санариптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алышты.

Преподаватели отделения Европейской и Американской интеграции и студенты ACCESS Osh студенты

В рамках партнёрства между Посольством США в Кыргызской Республике, Ошским государственным университетом и средней школой им. Алишера Навои студенты программы ACCESS Osh 23 декабря 2025 года приняли участие в образовательной и культурной экскурсии в Ошскую областную библиотеку имени Токтогула Сатылганова. Цель визита заключалась в развитии навыков английского языка, культурного сознания и гражданской ответственности студентов посредством чтения, критического мышления, анализа документальных материалов и интерактивных занятий. По прибытии студентов тепло встретили сотрудники библиотеки и провели подробную экскурсию по учреждению. Они ознакомились с ключевыми зонами: центром электронных ресурсов, коворкинг-пространствами, культурным уголком «Манас», залом 3D-фильмов, секцией робототехники и другими, получив представление о современных образовательных средах и цифровых инструментах.

Educators of Department of European and American Integration and ACCESS Osh Students

As part of the partnership between the U.S. Embassy in the Kyrgyz Republic, Osh State University, and Secondary School named after Alisher Navoi, ACCESS Osh students took part in an educational and culturally enriching excursion to the Toktogul Satylganov Regional Library in Osh on December 23, 2025. The visit aimed to enhance students’ English language skills, cultural awareness, and civic responsibility through reading, critical thinking, documentary analysis, and interactive activities. Upon arrival, the students were warmly welcomed by the library staff and given a detailed tour of the facility. They explored key areas such as electronic resource centers, coworking spaces, the “Manas” cultural corner, the 3D film room, the robotics section, and more, gaining insight into modern learning environments and digital tools.

ACCESS Osh excursion ACCESS Osh excursion ACCESS Osh excursion

USG Alumni Reunions

Бөлүмдүн окутуучулары кесиптик өнүгүүнү улантып, АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан колдоого алынган ачык онлайн курстарды ийгиликтүү бүтүрүшүүдө. Ошондой эле алар системалуу түрдө USG Alumni Reunions иш-чараларына чакырылып, жаш муундар менен окутуу жана билим берүү тажрыйбаларын бөлүшүшөт.

USG Alumni Reunions

Преподаватели отделения продолжают профессиональное развитие, проходя открытые онлайн‑курсы, поддерживаемые Посольством США в Кыргызской Республике. Кроме того, они систематически приглашаются на мероприятия USG Alumni Reunions, где делятся опытом преподавания и обучения с молодым поколением.

USG Alumni Reunions

Teachers of the department are professionally developing by completing open online courses supported by the U.S. Embassy in the Kyrgyz Republic. They are also systematically invited to USG Alumni Reunions to share teaching and learning experiences with younger generations.

ACCESS Osh excursion ACCESS Osh excursion ACCESS Osh excursion ACCESS Osh excursion
ОшМУ студенттеринин китепканага экскурсиясы

«ESCAPE DE SEVILLA»

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Европа жана Америка интеграция бөлүмүнүн 1-курс студенттери үчүн испан-кыргыз тил жана маданиятына арналган «ESCAPE DE SEVILLA» аттуу интерактивдүү иш-чара уюштурулду. Ага алты команда катышып, сегиз этаптан турган тапшырмаларды аткаруу аркылуу испан тили боюнча базалык билимин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү. Таймаштын жүрүшүндө студенттер испан жана кыргыз маданиятына байланышкан ар түрдүү тапшырмаларды аткарышты. Алар эки өлкөнүн желектерин чагылдыруу, сүрөт тартуу, бий аткаруу, испан тилинде тейлөө багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле «Кыялымдагы үй» темасында сахналашкан көрүнүштөрдү жана диалогдорду көрсөтүштү. Борбордун жетекчиси, улук окутуучу Нурзада Эргешова белгилегендей, иш-чара заманбап форматта өтүп, студенттердин тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүү менен бирге социалдык жана маданий компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталды.

Для студентов 1 курса отделения европейской и американской интеграции Высшей школы международных образовательных программ было организовано интерактивное мероприятие, посвящённое испанско-кыргызскому языку и культуре — «ESCAPE DE SEVILLA». В нём приняли участие шесть команд, которые выполняли задания из восьми этапов, демонстрируя базовые знания испанского языка и практические навыки. В ходе соревнования студенты выполняли различные задания, связанные с испанской и кыргызской культурой. Они изображали флаги двух стран, рисовали, танцевали, проводили диалоги в формате обслуживания на испанском языке, а также показывали сценические постановки и диалоги на тему «Дом моей мечты». По словам руководителя центра, старшего преподавателя Нурзады Эргешовой, мероприятие прошло в современном формате и было направлено на развитие языковых навыков студентов, а также на повышение их социальных и культурных компетенций.

An interactive event dedicated to Spanish-Kyrgyz language and culture, titled “ESCAPE DE SEVILLA”, was organized for first-year students of the Department of European and American Integration at the Higher School of International Educational Programs. Six teams participated, completing tasks across eight stages to demonstrate their basic knowledge of Spanish and practical skills. During the competition, students engaged in various activities related to Spanish and Kyrgyz culture. They depicted the flags of both countries, created drawings, performed dances, held service-oriented dialogues in Spanish, and staged performances and dialogues on the theme “My Dream House.” According to the head of the center, senior lecturer Nurzada Ergeshova, the event was conducted in a modern format, aimed at developing students’ language skills while also enhancing their social and cultural competencies.

Photo 1 Photo 2 Photo 3 Photo 3
Новости программы

Erasmus+ маалымат күнү ОшМУда

18 декабрь 2025 жыл
2025-жылдын 18-декабрында Ош мамлекеттик университетинде Erasmus+ маалымат күнү өткөрүлдү. Иш-чарага төмөнкү сыйлуу коноктор катышты: Реми Дюфло — Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси, Аменис Женис — Кыргыз Республикасындагы Campus France жетекчиси, Нурлан Омуруов — Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар боюнча вице-министри.
Гибриддик жыйын учурунда катышуучулар Erasmus+ программаларынын алкагындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири жана баалуу маалымат алышты. Мындан тышкары, ОшМУнун окутуучулары тарабынан ишке ашырылып жаткан эл аралык долбоорлор тааныштырылып, бул иш-чара катышуучуларды шыктандырып, дем берди.
18 декабря 2025 года в Ошском государственном университете прошел Информационный день Erasmus+ 2025. В мероприятии приняли участие почетные гости: Реми Дюфло — посол Европейского союза в Кыргызской Республике, Аменис Женис — руководитель Campus France в Кыргызской Республике, Нурлан Омуруов — заместитель министра науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики.
Во время гибридной встречи участникам была представлена ценная информация о возможностях развития потенциала в рамках программ Erasmus+. Кроме того, были презентованы международные проекты, реализуемые преподавателями ОшГУ, что стало источником вдохновения и мотивации для участников.
On December 18, 2025, Osh State University hosted the Erasmus+ Information Day 2025. Distinguished guests included Rémi Duflot, Ambassador of the European Union to the Kyrgyz Republic; Aménis Genis, Head of Campus France in the Kyrgyz Republic; and Nurlan Omurov, Deputy Minister of Science, Higher Education and Innovation of the Kyrgyz Republic.
During the hybrid meeting, participants received valuable information about capacity-building opportunities within Erasmus+ programs. In addition, international projects implemented by Osh State University professors were presented, serving as a source of inspiration and motivation.
Erasmus Information Day at Osh State University Erasmus Information Day at Osh State University Erasmus Information Day at Osh State University