Открытые уроки

"ЭАББПЖМдагы кезектеги көрсөтмөлүү сабак." 2024-жылдын 24-апрелинде ЕАИ бөлүмүнүн п.и.кандидаты Ж.Ж.Турганбаева “Сущность воспитания и его место в целостной структуре образовательного процесса” деген темада АПЛ-1-22 тайпасына көрсөтмөлүү сабак өттү. Сабактын структурасы бардык талаптарга жооп берет. Жалпы 8 окутуучу сабакка катышты. Илимийлүүлүк, коюлган максат күтүлүүчү натыйжа сабакта ачык жана жеткиликтүү чагылдырылды.Катышкан ар бир окутуучу эң жакшы усулдар менен тажрыйба алмашуу менен оң пикирлерин билдирип, педагогго мындан ары да ийгиликтерди каалашты.


2024-жылдын 23-апрель күнү ЭАББПЖМнын ЕАБнын окутуучусу Д.Заиров Speaking and writing on: "Description of building"деген темада ачык саат өттү. Сабакка 11 окутуучу катышты жана тиешелүү пикирлерин айтышты. Окутуучуга изденүүчүлүк жана ийгилик каалайбыз.


2024-жылдын 11-апрелинде ЭАББПЖМнын, Россия-Евразия интеграциялоо бөлүмүннүн окутуучусу А Садиева “Көп өзгөрүлмөлүү функциянын жекече туундусу", деген темада МКН(б)-1-23 тайпасына ачык саат өттү. Сабакка 7 окутуучу катышты. Окутуучунун педагогикалык ишмердүүлү жогору, сабактын ар бир этабы сакталып, түрдүү ыкмалар менен тема бышыкталды.Сабак максатына жетти. Окутуучуга ийгиликтерди каалайбыз!


2024-жылдын 3-апрелинде ЭАББПЖМнын, Россия-Евразия интеграциялоо бөлүмүннүн окутуучусу Г.Даниярова, “Shock culture”, деген темада ВНО(б)-1-23 тайпасына, 403-аудиторияда ачык саат өттү. Сабакка 10 окутуучу катышты. Окутуучунун педагогикалык ишмердүүлү жана теориялык билимин практикада толук чагылдыра алышы - мыкты жыйынтыкка себеп болду. Сабак максатына жетти.


2024-жылдын 3-апрелинде ЭАББПЖМнын, Түрк тилдүү мамлекеттер интеграциясы бөлүмүндө окутуучу А.Т.Исмаилова, “Зеленная экономика Кыргызстана”, деген темада ПИКТ-1-23 тайпасына, 301-аудиторияда ачык саат өттү. Ачык сабакка 5 окутуучу катышып, пикирлерин билдиришти. Окутуучунун педагогикалык ишмердүүлүнө, сабагына тиешелүү кеңештер берилип, ишине ийгилик каалашты.


Бүгүн 2024-жыл 15-март күнү Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин ЕАИ бөлүмүнөн Гимазиддинов Илдус Рашидович Ев(б)-1-22 тайпасына ачык сабак өттү. Сабакка ЭАББПЖМнын жетекчилигинен доцент Д.А.Акматова жана ЭАББПЖМнын үч бөлүмүнөн 10(он) окутуучу катышты. Сабак максатына жетти. Ошону менен катар окутуучуларга жакшы тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүлдү.


ОРЕИ бөлүмүнүн улук окутуучусу Айнура Сапарбаева "Эл аралык мамилер жана санарип дипломатия" адистигинин 2-курсунун студенттерине “Геноцид- Руанданын мисалында” аттуу темада ачык сабак англис тили предметинен өттү. Ачык сабакка 6(алты) окутуучу катышып, жакшы пикирлерин билдиришти.


Бүгүн 1-март 2024-жылы ЭАББПЖМнын Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн улук окутуучусу Амантур Култаев "Кытай-жапон мамилелери" деген темада РВ(б)-1-20 тайпасына ачык сабак өттү. Сабакта 7(жети) окутуучу катышты жана анализ берилди. Сабак көрсөтмөлүү жана план иштелмесине так дал келет. Интерактивдүү доска жана таратмалар менен иштелди. Окутуучу коюлган максаттарга Жана күтүлүүчү натыйжаларга жетише алды.


Бүгүн 1-март 2024-жылы ЭАББПЖМнын Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграция бөлүмүнүн окутуучусу Толгонай Жусуева "Genis Zaman" деген темада ТМТ(б)-1-22 тайпасына ачык сабак өттү. Сабакта студенттер активдүү катышып окутуучу тарабынан интерактивдүү усулдар менен бышыкталды. 6(алты) окутуучу катышып жакшы пикирлерди беришти. Сабак жаңы технологияларды пайдалануу менен өттү.


2023-жылдын, 7-декабрында Россия-Евразия интеграция бөлүмүнүн окутуучулары Б.Шайдуллаев "Берилген аркылуу өткөн берилген векторго параллель перпендикуляр багытталган түз сызыктын теңдемеси" жана З.Исраилбекова "Условные программы" деген темада ачык сабак өтүштү. Сабакка Сапат бөлүмүнөн жана ЭАББПЖМдан окутуучулар катышты жана сабакка анализ беришти