Олимпиады, кружки, конференции

Для реализации научно-исследовательского потенциала студентов при программе действуют следующие студенческие кружки:

Научный кружок "Регионовед". Руководитель кружка PhD доктор Абдимиталип уулу Н.

Цели и задачи кружка: вовлечение студентов в научную деятельность программы, организация и проведение дискуссий по обсуждению актуальных проблем регионоведения, раскрытие творческого потенциала студентов.

Кружок корейского языка «Хангыль». Руководитель кружка магистр Султанова А.М.

Цели и задачи языковых кружков: углубленное изучение восточных языков и культуры, сбор и систематизация материалов по культуре стран Восточной Азии.

15-март күнү ЭАББПЖМде ОшМУнун 85 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата интеллектуалдык оюн болуп өттү.

Брейн-ринг эки этаптан туруп, биринчи этапта командалар республиканын тарыхы жана географиясы боюнча суроолор болсо, экинчи турда Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү инсандардын өмүр баяны тууралуу суроолорго жооп беришти.

Брейн-рингдин жеңүүчүсү болуп бардык суроолорго иш жүзүндө катасыз жооп беришкен ЭБСД-1-23 командасы табылды. Экинчи орунду РВ-1-23 командасы, үчүнчү орунду РВ-1-23 командасы ээледи. Бардык катышуучулар интеллектуалдык оюндун уюштуруучулары тарабынан акчалай сыйлыктар, китептер жана сертификаттар менен сыйланышты.

Бул оюн “Аймак таануу” программасына караштуу Студенттик илимий кружоктун алкагында уюштурулду.


ОРЕИ бөлүмүндө 1- курстар арасында англис тили боюнча олимпиада болуп өттү

ОРЕИ бөлүмүндө 1- курстар арасында англис тили боюнча олимпиада болуп өттү. Ага 4 программанын студенттери катышты.
1. Эл аралык мамилелер жана санарип дипломатия
2. Башталгыч билим берүү “Англис тили”
3. ⁠Аймак таануу
4. ⁠Математика жана компьютердик технологиялар
Жыйынтыгында төмөнкү студенттер олимпиаданын 3 этабынан өтүп, XI Аймактык предметтик олимпиадага катышууга жолдомо алышты.


Студенттик илимий конференция

2023-жылдын 25-апрелинде Аймак таануу программасы Илим жумалыгынын алкагында “Дүйнө өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүсүнүн аймактык аспектилери” деген темада студенттик конференция өткөрдү.


ЭАББЖМде студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү

2023-жылдын 11-апрелинде “Илим жумалыгынын” алкагында ЭАББПЖМнин Россия жана Евразия интеграциясы бөлүмүндө “Глобалдык чакырыктардын контекстинде философиянын актуалдуу көйгөйлөрү” деген темада студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун студенттери (Кыргызстан) онлайн жана оффлайн форматтард катышышты. Конференцияда Иса Ахунбаев атындагы КММА (Бишкек, Кыргызстан); Челябинск мамлекеттик университетинин Федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку окуу жайынын Костанай филиалы (Россия); Мирзо Улугбек атындагы Улуттук университет (Өзбекстан); Narxoz университети (Казакстан); Ереван мамлекеттик университетинин Ижевандагы филиалынан (Армения) 70тен ашык студент катышуучу доклад окуду. Конференцияда “Аймак таануу” программасынын студенттери да активдүү катышып, докладдарын англис, орус жана кыргыз тилдеринде сунушту. Эл аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясы жогорку деңгээлде өттү.


ЭАББПЖМдин студенттери "студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу 9-аймактык студенттик илимий конференцияга катышышты

2022-жылдын 25-ноябрында Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана Евразия интеграциясы бөлүмүнүн "Башталгыч билим берүү. Англис тили" программасынын 2-курсунун студенттери Олмасова Гульзина, Азамжоджаева Сарвиноздор, “Аймак таануу” программасынын студенти Маралова Мээрим "Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу IX Аймактык студенттик илимий конференцияга катышып, докладдарын окушту. Конференциянын аягында студенттер сертификаттар менен сыйланышты.