Олимпиады, кружки, конференции

ОшМУда – ИЛИМ ЖАНА ПРАКТИКА: ИЧКИ ГРАНТТЫК ДОЛБООРЛОР КӨРГӨЗМӨСҮ

30-октябрда Ош мамлекеттик университетинде ички гранттык долбоорлорго арналган илимий көргөзмө өттү. Бул иш-чара илим менен практиканын өз ара байланышына, жаңы идеялардын жана чыгармачылыктын өнүгүшүнө багытталган маанилүү платформа болду. Студенттер, окутуучулар жана изилдөөчүлөр өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун сунуштап, билим берүү жана коомдук өнүгүүгө кошкон салымдарын көрсөтүштү. Көргөзмөдө илимий изилдөөлөрдүн ар түрдүү багыттары камтылып, катышуучулар тарабынан кызыктуу ойлор жана өзгөчө чечимдер сунушталды.


“Эл аралык мамилелер жана санарип дипломатия” программасынын улук окутуучусу Айнура Сапарбаеванын демилгеси менен ГАЛС ыкмаларынын “Кыялдануу” жана “Кыялданууга саякат” ыкмаларын чемпион-тренерлер Айнура Бегматова, Усенова Урпия менен биргеликте программанын окутуучуларына жана студенттерине семинар өткөрүлдү. Семинардын максаты - зомбулукка бөгөт коюу жана жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу.