ЭАББПЖМдагы кезектеги көрсөтмөлүү сабак
2024-жылдын 26-апрелинде ЭАББПЖМнын Европа жана Америка интеграциясы бөлүмүнүн доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Тургунбаева Жылдыз Жусупжановна АПЛ(б)-1-21 тайпасына «Тарбиянын маңызы жана анын билим берүү процессинин бүтүндүк түзүмүндөгү орду» аттуу темада ачык сабак өткөрдү.
Сабакка окутуучулар катышып, методикалык талдоо жүргүзүлдү. Коюлган максаттарга жана күтүлгөн жыйынтыктарга жетишилди.
22024-жыл 15-март күнү Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин ЕАИ бөлүмүнөн Гимазиддинов Илдус Рашидович Ев(б)-1-22 тайпасына ачык сабак өттү. Сабакка ЭАББПЖМнын жетекчилигинен доцент Д.А.Акматова жана ЭАББПЖМнын үч бөлүмүнөн 10(он) окутуучу катышты. Сабак максатына жетти. Ошону менен катар окутуучуларга жакшы тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүлдү.